Кыргызстанда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал учурунда журналисттердин көчөгө чыгып иштөөсүнө уруксат берилбейт. Бул тууралуу 30-мартта ички иштер министринин орун басары, Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.
Орозалиевдин белгилешинче, мындай чектөөгө соңку абал боюнча жүргүзүлгөн анализ себеп болду.
«Биз кырдаалды анализдеп чыктык. Журналисттердин өздөрүнүн саламаттыгынын коопсуздугу үчүн аларга аккредитация бере албайбыз. Бул, биринчи кезекте, сиздердин ден соолугуңуздардын коопсуздугу үчүн керек», -деди комендант журналисттерге кайрылуусунда.
25-мартта Орозалиев журналисттерге аккредитация берилерин айткан болчу.
25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Түнкүсүн көчөгө адам да, машина да чыкпашы керек, күндүз эшикке дүкөнгө, дарыканага жана ооруканага гана барууга уруксат. Топтошуп жүрүүгө, иш-чара өткөрүүгө тыюу салынган.
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 84 адам.