Жалал-Абадда коронавирустан айыккан бейтаптар бар экени айтылды

Автор -
Иллюстрация

Бүгүн, 30-мартта Жалал-Абад облусунда коронавирустан айыккан бейтаптар үйлөрүнө чыгарылат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев  дарыгерлер тобун түштүк аймагына жөнөтүү үчүн чогулган жыйында билдирди.

Айтымында, бейтаптар чыккандан кийин дагы кенен маалымат берилет.

«Бул кырдаал бир гана Кыргызстан үчүн эмес, бүтүндөй дүйнө үчүн чоң сыноо болду. Кытайдын мисалында коронавирусту жеңсе боло тургандыгын көрдүк жана биз да ал күнгө жетебиз. Ошондуктан жалпыбыз колубуздан келгенди жасап, тажрыйбабызды көрсөтүшүбүз талапка ылайык», — деп баса белгиледи ал.

Ал эми Жалал-Абаддагы ооруканадан бейтаптар 14 күндөн ашык убакыт жатып, дарыланганын кабарлашкан.

«Айыккан бейтаптар — 62, 46 жана 44 жаштагы жарандар. Алар ооруканада эки жумадан ашык жатышты. Анализдер аларда коронавирус жок экенин көрсөттү, рентгендин жыйынтыгы да канааттандырарлык. Бүгүнкү күнү бейтаптардын абалы жакшы. Бир аз маселелер бар, аларды чечип алып, анан ооруканадан чыгарабыз», — дешти ооруканадан.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү