Америка Кошмо Штатында коронавирус жуктургандардын саны 163 миң 429 адамга жетти. Мындай маалыматты Жонс Хопкинс атындагы университетти таратты. Ага ылайык, АКШда 3 008 адам жугуштуу оорудан көз жумса, 5 764 киши айыгып чыккан.
Ушул тапта АКШ коронавируска кабылгандардын саны жагынан дүйнөдө биринчи орунда. Президент Дональд Трамп жекшембиде өткөн басма сөз жыйынында оору алдыдагы эки жумада дагы көбөйүшү ыктымалдыгын айткан.
Өткөн жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон коронавирус илдети дүйнөнүн 160тан ашуун өлкөсүнө тарап, пандемиялык кырдаал жаралган.
Акыркы маалыматтар боюнча, ооруга 720 миңден ашуун адам чалдыкты, 35 миңден ашуун киши вирустан көз жумду.
Кытайдын өзүндө ооруга 81 518 адам чалдыгып, 76 миңден ашууну айыгып чыккан, 3 305 адам өлгөн. Акыркы суткада өлкөдө 48 адамдан коронавирус аныкталды. Бардыгы чет мамлекеттен келгендер.