Мектеп окуучулары 8-апрелден тарта аралыктан окутулуп баштайт

Автор -
214

Өлкөдө 2020-жылдын 8-апрелинен баштап окуучулар аралыктан окутулуп баштайт. Бул туурасында бүгүн, 31-мартта билим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, министрлик учурда видео сабактарды көрсөтүү боюнча телеканалдар менен иштешип жатат.

«Баластан» телеканалынан атайын пайдалуу жана таанып-билүүчү көрсөтүүлөр чыгарылып турат. Алардын ичинде балдарды мектепке даярдоо боюнча 480 сааттык программа жана башталгыч класстардын окуучулары үчүн видео сабактар бар», — деп белгиледи Надира Жусупбекова.

Ал эми, 5-9-класстардын окуучулары үчүн «Илим-Билим»  ЭлТР, «Пирамида» телеканалдарынан видео сабактар көрсөтүлөт.

«Биздин мугалимдер 16-марттан тарта окуучулар менен Zoom, Whatsapp интернет программалары аркылуу байланыш түзүүдө, мессенжерлерден алар видео сабактардын чыгуу убактыларын жана жүгүртмөлөрүн билдирип турушат», — деп кошумчалады министрдин орун басары.

Билим берүү жана илим министрлиги бардык окуучулар үчүн электрондук материалдарды иштеп чыкты. Башталгыч класстар үчүн электрондук материалдарды Ibilim порталынан тапса болот, ал эми 5-11-класстарга арналган материалдар «Билим булагы» порталына жүктөлдү. Баш-аягы кырктан ашык аудио жана видео материал даярдалган.

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык,  ушул жылдын 16-мартынан 8-апрелине чейин жалпы билим берүү уюмдары, мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары, кесиптик башталгыч, орто жана жогорку окуу жайлары үчүн мөөнөтүнөн мурда каникул жарыяланган.

Бөлүшүү