Министрлик: Коронавирус жуктурган 15 адам 5 үй-бүлө мүчөлөрү

Автор -
399

Акыркы эки күндө коронавирус илдетин жуктурган 23 учур аныкталса, алардын төртөө инфекцияны сырттан алып келгендер. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Калган он тогуз адам чет өлкөдөн келгендер менен байланышта болгондор, тагыраак айтканда жергиликтүү (ички) жуктуруу.

Чет өлкөдөн келгендерден жуктурган 19 учурдун арасында 14 жашка чейинки 4 бала бар. 15 учур 5 үй-бүлөлүк очокто жаралган.

◊ Учурда обсервацияга 1592 адам жайгаштырылды. Жалпысынан башынан тарта 5638 адам жайгаштырылган, үйдөн байкоого 3870 адам чыгарылды.

◊ Коронавирус жуктурганы тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгондордун саны – 5 771 (эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө байланышта болгондордун саны өзгөрүшү ыктымал)
анын ичинде:
I категориядагы байланышта болгон жактар (жакындар жана үй-бүлөлүк байланыштар) – 1561
II категориядагы байланышта болгон жактар (башкалар) – 4210

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү