Шаар ичинде жүрүүгө тыюу салынат! Өзгөчө абалдын эрежелери катаалдашты

Автор -
245

Бишкек комендатурасы Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды кабыл алды. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматта борбор калаанын коменданты А.Орозалиев төмөндөгүдөй чектөөлөрдү киргизүү тууралуу буйрукка кол койгону айтылат:

  • Шаар ичинде жөө жүрүүгө жана унаа менен жүрүүгө тыюу салынат, төмөнкү учурлардан сырткары:
    ♦ жашаган жеринен жумушуна чейин жана жумушунан үйүнө кайтуу. Бул учурда жанында ишмердүүлүгүнө уруксат берилген уюмдарда иштегени жөнүндө аныктамасы болушу керек.
    ♦ жашаган жеринен 1,5 км алыс эмес радиустагы дүкөндөн азык-түлүк товарларын, дарыканалардан медициналык каражаттарды жана дары-дармектерди сатып алуу;
    ♦ үй жаныбарларын жашаган жеринен 100 метрден алыс эмес радиуста 30 мүнөттөн көп эмес сейилдетүү;
    ♦ ыкчам учурлар боюнча медицина мекемелерине чыгуу;
    ♦ адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан өзгөчө кырдаалда ж.б.у.с. учурларда үйдөн күтүүсүздөн чыгуу.
  • Туугандарга, досторго, кошуналарга ж.б. конокко барууга тыюу салынат;
  • Бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүнөн сырткары, 3 адамдан көп топтор болуп чогулууга тыюу салынат;
  • Жашы жете электерге чоӊ адамдардын коштоосу жок жүрүүгө тыюу салынат;
  • Шаардын жашоо ишмердүүлүгүн камсыз кылгандардан тышкары, бардык уюмдар менен ишканалар ишин убактылуу токтотсун.

Ишмердүүлүгүнө уруксат берилгендердин тизмесине кирбеген тармактардын бардык уюмдары жана ишканалары ӨА учурунда ишмердүүлүгүн токтотуп жана аралыктан же онлайн режимде жүргүзүлүшү керек.