Өткөн түнү Бишкекте коменданттык саатты бузгандардын саны айтылды

Автор -

Борбор калаада өткөн суткада саат 7:00гө чейин тартип бузган 137 жаран кармалды. Бул туурасында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Маалыматка караганда, алардын 18 аял, 116 эркек, анын ичинде 3 өспүрүм.

Коменданттык саат киргизилгенден бери жалпы 876 адам кармалган.

Бөлүшүү