Бишкекте өткөн суткада саат 20:00дөн 7:00гө чейин тартип бузган 119 жаран кармалды. Бул туурасында борбор калаа коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.
Анын айтымында, 119 адамдын 17си аял, 102 эркек, анын ичинде 3 чет өлкөлүк жаран.
Коменданттык саат киргизилгенден бери жалпы 995 адам кармалган.