Бишкекте өткөн суткада тартип бузган 119 жаран кармалды

Автор -

Бишкекте өткөн суткада саат 20:00дөн 7:00гө чейин тартип бузган 119  жаран кармалды. Бул туурасында борбор калаа коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, 119 адамдын 17си аял, 102 эркек, анын ичинде 3 чет өлкөлүк жаран.

Коменданттык саат киргизилгенден бери жалпы 995 адам кармалган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү