Сокулук райадминистрациясынын кызматкерлеринин анализи чыкты

Автор -

Обсервацияга алынган Сокулук райондук администрациясынын бардык кызматкерлеринен коронавирус аныкталган жок. Бул тууралуу  өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Алтынбек Намазалиев билдирди, деп жазат Sputnik агенттиги.

Анын айтымында, бардыгынын анализи коронавирус жок экенин көрсөттү.

«Акимчиликтин кызматкерлеринин анализи таза чыкты. Бирок алар ошол эле имаратта обсервацияда боло турушат», — деди Намазалиев.

Эске салсак, Сокулук райондук администрациясынын бардык кызматкерлери кечээ, 31-мартта иштеп жаткан жеринен карантинге алынган. Маалыматка караганда, акимчиликтин башкармалыгында иштеген бир кызматкердин аялы эжеси менен Дубайга барып келген. Алар Бишкекте обсервацияга жаткырылып, анализи алынгандан кийин үй карантинине жиберилген. Кийинчерээк кызматкердин жубайынын эжеси коронавирус жуктурганы аныкталган.

Бөлүшүү