Казакстанда 28 дарыгер коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов онлайн-брифинг учурунда билдирди.
«Карантин мекемелеринде иштеген 28 дарыгер коронавирус жуктуруп алышты. Азыркы тапта коронавирус жуктуруп алган дарыгерлердин ар бирине эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүп жатабыз. Коронавирусту жуктуруп алганынын себеби такталат», — деп билдирген министр.
Казакстанда коронавируска каршы күрөшүп жаткан дарыгерлер бул ооруну жуктуруп ала турган болсо, 2 миллион теңге алышат жана бул инфекциядан көз жумган дарыгерлерге 10 миллион теңге төлөнүп берилет.