Коронавирустан каза тапкан бейтап тууралуу жаңы маалыматтар

Автор -
1555

Бүгүн өлкөдө коронавирустан адам каза тапкан алгачкы учур катталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бейтап Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасында дарыланып жаткан.

61 жаштагы эркек киши чет жактан келип, обсервацияга алынган. Андан алынган анализ жарандын коронавирус жуктуруп алганын көрсөткөн.

Маалыматка караганда, бейтап буга чейин жүрөктүн коронардык оорусу, инфаркттан кийинки кардиосклероз, өнөкөт вирустук гепатит В, өнөкөт обструктивдүү өпкө оорулары жана 2 типтеги кант диабетинен жабыркап келген.

Эки жыл мурун ашказандагы жарасынан улам операция жасалганы белгилүү болгон.

Ооруканага түшкөндөн тартып, өлкөдөгү алдыңкы дарыгерлерден кеп-кеңеш алынган. 25-мартта жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. 

Дарылоонун жүрушүндө бейтаптын абалы начарлап, 1-апрель күнү саат 23:00 тартып өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган. 2-апрель күнү саат 16:00 чамаларында каза тапкан. 

Бөлүшүү