Өлкөдө коронавирустан он адам айыкты, төртөө каза тапты

Автор -

2020-жылдын 6-апрелине карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынан 10 адам айыкты, деп билдирди бүгүн саламаттык сактоо министри С. Абдикаримов.

Анын айтымында, бүгүн дагы 23 адамды чыгаруу пландалып жатат.

Ал эми каза тапкандардын саны төрт адамга жеткени маалым болду.

Учурда Кыргызстанда илдетти жуктургандардын саны 216.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү