Коронавируска чалдыккан бейтаптарда вируска каршы каражаттар жетиштүү. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан (ММКФ) билдиришти.
Маалыматка караганда, ММК фонду уюмдарга дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды алууга, анын ичинде, жеке коргонуучу каражаттарына 266,9 млн сом төлөп берди.
Мындан сырткары, фонд саламаттыкты сактоо уюмдарына керектүү дары-дармектерди жеткирип берүү боюнча иштерди алып барууда.
Ошондой эле, дарылоо мекемелерине азыркы учурда дары каражаттарын тикелей келишим түзүү ыкмасы менен сатып алууга уруксат берилет (келишимдерди каттоо мамлекеттик сатып алуулар порталында).
«Эскерте кетсек, атайын вируска каршы каражаттар дарыгерлердин комиссиясынын чечими менен оорусу өтүшүп кеткен бейтаптарга жана айрым учурларда, орто-оор абалдагыларга сунушталат. Бул топтогу дары-дармектер коронавирус инфекциясынын жеңил формасында жана байланыш түзгөн адамдарга профилактика максатында колдонулбайт», -дешет фонддон.