Москвада өрттөн каза болгон кыргызстандык тууралуу элчилик билдирүү таратты

Автор -
Иллюстрация

Кечээ, 5- апрелде Москва шаарындагы өрт кырсыгынан каза болгон кыргыз жараны боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирүү жасады.

Маалыматка ылайык, 4-апрелден 5- апрелге караган түнү Троицк жана Новомосква административдик округундагы курулуш объектисинде жумушчулардын палаткасынан жылуулук мешин туура эмес колдонуудан өрт чыгып,  жыйынтыгында Кыргызстандын жараны көмүр кычкыл газына ууланып каза болгон.

Каза болгон жарандын өздүгү  такталып жана туугандары менен байланыш түзүлгөн.

Ошондой эле элчиликтин жардамы менен Мамлекеттик миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгү жана иш берүүчү менен маркумдун туугандарынын катышуусунда сүйлөшүүлөр болуп, маркумдун сөөгүн коюуга кеткен чыгымдар жана компенсация төлөп берүү боюнча бир пикирге келишкен.

Маркумду кайсы мүрзөгө коюуну туугандары чечишет. Коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында Орусия менен Кыргызстандын ортосунда бардык каттамдар токтотулган.

Бөлүшүү