Ош облусунда жаран коронавируска чалдыкканын жашырып койгон

Автор -
316

Ош облусунда бир жаран коронавирус жуктуруп алганын жашырып, эл менен катышуусун уланткан. Ал камакка алынат, деп билдирди Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты М.Нурдинов.

Маалыматка караганда, ал жаранды текшерүүгө алганда коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Тилекке каршы, ал ооруганын жашырып, эч кимге айтпастан тууган-урук, тели-теңтуштары жана ишканасындагы кесиптештери менен байланышып жуктурган.

«Азыр ал жаран обсервациядагы изоляторго алынды. Жакшы болуп чыгаары менен 5 жылга чейин камакка алынат», — деп билдирди Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты М.Нурдинов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү