Акыркы суткада 13 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды

Автор -

Акыркы суткада 13 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул туурасында бүгүн, 8-апрелде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Маалыматка караганда, 8-апрелге карата өлкө боюнча 42 адамдан вирус аныкталса, алардын он үчү — медицина кызматкерлери.

Алар:
−Бишкек шаардык санитардык эпидемиологиялык станциясынан  -1;
−Ош облусунун жугуштуу оорулар ооруканасынан — 8 (төрт врач, төрт медициналык кызматкер);
−«Азия кардиодон» -2 ( 1 врач, 1 медсестра);
−Ош облустук бириккен ооруканада —  1 (кенже персонал).

Буга чейин 19 медицина кызматкерлеринин коронавирус жуктуруп алганы айтылган. Ошону менен бүгүнкү күндө COVID-19 илдетине чалдыккан медиктердин саны 32 адамга жетти.

• Бишкек – 4,
• Ош облусу  – 20,
• Жалал-Абад облусу  – 7,
• Баткен облусу  – 1.