Коронавируска чалдыккан дарыгерлерге төлөнүүчү кенемтенин өлчөмү бычыла элек (жаңыланды)

Автор -
265

Кесиптик милдетин аткарып жатып, коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлерине кенемте төлөп берүү жагы каралууда, бирок азырынча анын өлчөмү тактала элек. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

«Бүгүнкү күндө Өкмөт тарабынан төлөмдөрдүн өлчөмү каралууда. Буга чейин көрсөтүлгөн 200 миӊ сом жана 1 млн сом суммалары дагы каралууда», -деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Штаб өзгөчө кырдаалдар маалында өздөрүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жатып ооруга чалдыккан дарыгерлерге жана медицина мекемелеринин кызматкерлерине 200 миң сомдон төлөп берүү, эгер каза болуп калса, алардын үй-бүлөсүнө 1 млн сом акчалай компенсация берүү жагы чечилгенин билдирген болчу.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлерининин саны 32 адамга жетти.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү