Кыргызстандык IT инженерлер 3D форматындагы көп жолу колдонулуучу бет каптарды чыгарууну көздөп жатышат. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, эгер адистердин долбоору ишке ашса, коргонуу даражасы FFP3 болгон респиратордук бет каптар сатыкка чыгарыла баштайт. Баасы болжол менен бир даанасына 300-350 сом болот.