Нарын: коронавируска чалдыккан 2 ат-башылык жаран дааваттан кайткан

Автор -
963

Нарын облусунда бүгүн коронавирус жуктурган 5 жаңы учур катталды. Бул туурасында бүгүн, 8-апрелде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, беш адамдын үчөө жергиликтүү тургун болсо, экөө түштүк аймагынан дааваттан кайтышкан Ат-Башы районунун тургундары.

Жалпысынан Кыргызстанда илдет жуктургандардын саны 270 адамга жетти.
Алардын ичинен:
Ош облусунда – 97
Жалал-Абад облусунда – 81
Бишкек ш. – 35
Ош ш. – 33
Нарын облусунда – 10
Чүй облусунда – 7
Баткен облусунда – 4
Ысык-Көл облусунда – 3

Бөлүшүү