Дарылануудан баш тарткан. Нарында коронавирус жуктуруп алган жаранга иш ачылды

Автор -
1632

Нарын шаарынын тургуну санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын маалымат кызматынан билдиришти.

Интернет булактарында Нарын шаарынын тургуну О.М. коронавируска чалдыкпагандыктан, дарылануудан баш тартып жатканы жана үй-бүлө мүчөлөрү медициналык каражаттарды ичкендигинин натыйжасында  ден-соолуктары начарлап жаткандыгы жөнүндөгү видеокайрылуусу  жарыяланган.

2020-жылдын 2-апрель күнү Нарын ШИИБсине Нарын райондук ооруларды алдын
алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
билдирүү менен кайрылып, 2019-жылдын ноябрь айында Пакистан мамлекетине
дааватка кетип, кайра 2020-жылдын 15-мартында Лахор-Ташкент,  Ташкент-Бишкек каттамы менен Кыргызстанга кайтып келген Нарын  шаарынын тургуну О.М. аттуу жарандан коронавирус аныкталгандыгы айтылып, ал жаран өзүнө коюлган чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн  мыйзам чегинде чара көрүү өтүнүчү келтирилген.

Анткени, О.М. менен  байланышта болду деген себеп менен дарыланып жаткан Нарын шаарынын 3  тургунунда 2020-жылдын 30-мартында коронавирус оорусунун белгилери  аныкталган.

Жогорудагы билдирүүдө КР Жазык кодексинин  280-беренесинде (санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу)  көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери бар экендигине байланыштуу 2020-жылдын  3-апрелинде Нарын ШИИБси тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши башталып,  О.М.аттуу жаран изоляцияда болгондугуна байланыштуу аны менен түздөн түз тергөө аракеттери ал сакайгандан кийин жүргүзүлөт.

Азыркы учурда тиешелүү жерлерге суроо каттар жиберилип, ыкчам тергөө
амалдары жүргүзүлүүдө.