Ош шаарындагы балдар инфекциялык ооруканасы дезинфекцияга жабылды

Автор -
204

Ош шаарындагы балдар инфекциялык ооруканасы дезинфекциялоочу иш-чараларды жүргүзүү үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Мындай чара оорукананын медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус инфекциясынын катталышына байланыштуу кабыл алынган.

Соматикалык жана инфекциялык оорулары менен жаткан бейтаптар Ош облустар аралык клиникалык балдар ооруканасына жиберилет.

Андан тышкары, Кара-Суу балдар ооруканасынын профили инфекциялык стационарга кайра алмаштырылат.

КР Саламаттык сактоо министрлиги медицина кызматкерлеринин оору жуктуруу фактысы боюнча кызматтык изилдөө жүргүзүлөт.