Бишкектеги санэпидемстанциясында иштеген 4 дарыгерден коронавирус тастыкталды. Бул туурасында бүгүн, 9-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.
Анын айтымында, алар менен байланышта болгон 6 киши обсервацияда жатат.
Илдетти жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин жалпы саны — 34, алардын экөө жаӊы аныкталды, алар Ош шаарынын Аксы районунан.