«Fael Khair Program» фондунун көмөгү менен 30 400 даана ПЦР тест-система алынды

Автор -

Ислам Өнүктүрүү Банкына караштуу «Fael Khair Program» фонду аркылуу гранттык каражаттарга 30 400 даана ПЧР тест-системалар реагенттери менен сатылып алынды. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин сурамы боюнча КР Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен аталган банк тарабынан 350 миӊ АКШ долл. суммасында гранттык каражаттар бөлүнгөн.

2020-жылдын 8-апрелинде Кыргызстандын Сауд Аравиядагы жана Түркиядагы Элчиликтеринин логистикалык жардамы менен өлкөгө ПЧР тест-системалар реагенттери менен кошо алынып келди.

Министрлик Ислам Өнүктүрүү Банкына караштуу «Fael Khair Program» фондуна жана Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү