Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков кызматынан кетти

Автор -

Башкы санитардык врач, саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирген.

Төлө Исаков ден соолугуна байланыштуу кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган.

Ал ушул жылдын 29-январында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп дайындалган болчу.

Бөлүшүү