ТИМ: Азыркы учурда чартердик каттамдарды уюштуруу мүмкүн эмес

Автор -

Кыргызстан акыркы мезгилдин ичинде чет өлкөлөрдөн 2 719 жаранын чартердик каттам менен алып келди. Бул туурасында ТИМ башчысынын биринчи орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Маалыматка караганда,  Россиядан – 1531, БАЭден – 326, Түркиядан – 197,
Сауд Аравиясынан – 285, Индиядан – 176, Египеттен – 131, Таиланддан – 52,
Германиядан – 5 жаран алынып келинсе, калгандары Болгария, Вьетнам,  Малайзия, Шри-Ланка, Түштүк Корея жана башка өлкөлөрдөн кайтарылган.

«Буга чейин коронавирустун жайылуу коркунучун эске алып, ТИМ чет өлкөлөргө чыгуудан кармануу сунуштары менен чыккан. Тилекке каршы, ага карабастан бир топ мекендештерибиз сыртка чыгып кеткен. Албетте, мекендештерибиздин арасында чет өлкөдө иштеп, окуп, дарыланып жаткандар бар. Буга байланыштуу, белгилей кетсем, учурда көптөгөн өлкөлөрдө компетенттүү органдардын убактылуу чектөөлөрү иштеп жатат, мындан улам туруктуу жана чартердик авиакаттамдарды уюштуруу азыркы учурда мүмкүн эмес», — деп билдирди Ниязалиев.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө дүйнө жүзүнүн 42 өлкөсүндө, анын ичинде Европа, Азия жана Түндүк Америка өлкөлөрүндө Кыргызстандын жарандары бар. Аэропорттордо турган жана чек ара транзиттик чөлкөмдөрүндө мекенге келе албай жаткан жарандарга элчиликтер, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана эл аралык уюмдар тарабынан кеңештер жана практикалык жардамдар көрсөтүлүүдө.