Өткөн суткада коменданттык сааттын талаптарын 91 адам бузду

Автор -

Өлкөдө 9 -апрелге карата коменданттык сааттын талаптарын 91 адам бузду. Бул туурасында ИИМден билдиришти.

Анын ичинен Бишкек шаарында 61, Ош шаарында 6, Жалал-Абад шаарында 3, Сузак районунда 21 адам өзгөчө абалдын эрежелерин бузганы үчүн, кармалып, ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилген. Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык саат талаптарын бузгандар катталган жок.

25-марттан бери коменданттык сааттын талаптарын бузган 2192 адам кармалып, кайра кое берилген.

Коронавирустун жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында 22-марттан тарта өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан тарта оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. Бул аймактарда саат 20:00-7:00 аралыгында көчөдө адам да, унаа да жүрбөөгө тийиш.