COVID-19: Дарыгерлерге төлөнүүчү кенемтенин өлчөмү такталды

Автор -
Сүрөт: saat.kg

Иш учурунда COVID-19 вирусун жугузуп алган медициналык кызматкерге 200 миң сом өлчөмүндө компенсация берилет. Ал эми оорудан көз жумган кызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн. сом кенемте төлөнөт. Бул тууралуу Коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын маалыматына ылайык, учурда оору жугузуп алган дарыгерлерге жана медициналык кызматкерлерге компенсация төлөнүп берилүүдө. Тийиштүү органдарга акчаны өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө төлөп берүү тапшырылды.

Кубатбек Боронов www.help.covid.kg сайтына коронавируска каршы күрөш боюнча ачылган эсептерге акчалай каражаттардын жана алардын сарпталышы тууралуу маалыматтар жайгаштырылып турарын эскертти. Аталган сайтка Саламаттык сактоо, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрликтерине келип түшкөн гуманитардык жардам тууралуу да, аярлуу адамдарга берилүүчү жардамдардын эсебине да келип түшкөн акчалар тууралуу маалыматтар жазылып турмакчы.

Жыйында медициналык кызматкерлердин коопсуздугу үчүн аларды коргонуучу костюмдар жана жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз кылуу негизги маселе катары каралды. Вице-премьер-министр коргонуучу каражаттардын жетишсиздиги жана жоктугу жөнүндө айтылып жаткан билдирүүлөрдү эске алып, коргонуучу каражаттар менен медицина кызматкерлери толук камсыздалышына көңүл бурулуп жатканын айтты.

«Түзүлгөн жагдай штабдын да, жарандык коомдун да нааразылыгын жаратпай койбойт. Бул маселе терең иликтенет. Кооптуу жагдайда иштеген ар бир дарыгер коргоочу кийим менен камсыз болушун көзөмөлдөйбүз», — деди биринчи вице-премьер-министр.

Кыргызстанда 10-апрелге карата коронавирус илдетин жугузган дарыгерлердин саны 39 киши болду.

Бөлүшүү