Екатеринбургдан келген кыргызстандыктардан COVID-19 табылган жок

Автор -
272

Екатеринбургдан келген кыргыз мигранттарынан коронавирус табылган жок. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Эскерте кетсек, 6-апрель күнү Орусиянын шаарынан 17 кыргызстандык алынып келинген. Экспресс-тесттин жыйынтыгы алардын жетөөсүндө коронавирус бар экенин көрсөтүп, алардан экинчи тест алынган.

«Кыргызстанга келгендердин баарынын ПЦР диагноздорунан COVID-19 инфекциясы чыккан жок», -деди бүгүн, 10-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү