Өткөн сутканын ичинде Ноокаттын ооруканасында бир адам COVID-19 оорусунан каза тапты. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.
Анын айтымында, каза тапкан бейтап 87 жашта болгон.
Кыргызстанда жалпысынан оорудан беш адам көз жумду.