Пакистанда 73 жаштагы кыргызстандык коронавирустан каза тапты, — ЖМК

Автор -

Кечээ, 9-апрелде Пакистандын Лахор шаарында «Таблиги Жамаат» кыймылынын мүчөсү Кыргызстан жараны коронавирустан көз жумду. Бул тууралуу The News International  жазды.

1-апрель күнү 73 жаштагы Абдул Сахар аттуу жаран жергиликтүү ооруканалардын бирине которулган.

Ал COVID-19 вирусунан тышкары, кант диабетинен жапа чеккен.

Басылманын маалыматына ылайык, 9-апрелде Пенджаб провинциясында коронавирустун 58 учуру катталган. Натыйжада, облус боюнча тастыкталган учурлардын жалпы саны 2 миң 224 кишиге жетип, алардын 662си «Таблиги Жамаатынын» мүчөлөрү болгон.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, чет өлкөдө жашаган 23 кыргыз жарандарына коронавирус жуккан. Ал эми Пакистанда каза болгон жаран тууралуу мекеме кабардар эмес, учурда маалымат такталып жатканын билдиришти.