Дагы 16 медицина кызматкери коронавируска чалдыкканы аныкталды, жалпы — 79

Автор -
357

Өткөн сутка ичинде COVID-19 вирусун 16 медицина кызматкери жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, алардын ичинен 9 медкызматкер Бишкек шаарында, 4 – Ош облусунда, 2 – Ош шаарында, 1 – Баткен облусунда.

COVID 19 диагнозу тастыкталган медицина кызматкерлеринин жалпы саны – 79 учур.

Өлкө боюнча бул илдетти жуктургандардын жалпы саны 419 адамга жетти.