Үй карантининдеги жарандар атайын тиркеме аркылуу көзөмөлдөнөт

Автор -

Үй карантинине алынган жарандар чөнтөк телефонуна орнотулган атайын тиркеме аркылуу көзөмөлдөнүп турат. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, тиркемени орнотуу жарандын макулдугу менен гана ишке ашып, бейтаптардын ден соолугуна байкоо жүргүзүүдө дарыгерлердин ишин жеңилдетет. Мындан тышкары үй карантининдеги жаран саламаттыгы кескин начарласа, SOS баскычын колдонуп, инфекционист дарыгерлердин тез жардамын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Штаб кабарлагандай, тиркемедеги маалыматтар купуя, кызматтык колдонууга арналган. Мобилдик көзөмөлдөө системасына кирүү укугу өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимине жооптуу саналуу гана адистерге берилген.

Мобилдик көзөмөл тиркемесин Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети иштеп чыкты.

13-апрелде Кыргызстанда COVID-19 дагы 42 адамда аныкталды. Жалпы ооруга чалдыккандардын саны 419 болду, беш киши каза болду, 67 бейтап сакайып чыкты.

Кыргызстан боюнча обсервацияда жаткандардын саны – 1025 адам. Үй карантинине алынган адамдардын саны тууралуу расмий маалымат жок.