Матраимовдор коронавирус менен күрөшүүгө 10 миллион сом бөлдү

Автор -
215

Исмаил Матраимов кайрымдуулук фонду коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке 10 миллион сом которду. Бул тууралуу ага-ини Матраимовдордун улуусу, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов соцтармактагы баракчасында билдирди.

«Которулуп жаткан каражаттарды Өкмөт эффективдүү пайдаланып, медицина кызматкерлеринин коопсуздугуна даректүү жумшайт деп ишенем. Берилген жардам, кошкон салымдар COVID-19 вирусуна каршы күрөшүүдө натыйжа берип, элибиз ылаӊдын сыноосунан курмандыксыз өтүп кетсин деген тилегибизди билдиребиз», -дейт депутат.