Ыкчам штабдын кызматкеринен коронавирус табылды

Автор -
223

Ыкчам штабдын коронавирус жуктуруп алган кызматкери боюнча иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелдеги брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, инфекция жуктуруп алган айым саламаттык сактоо мекемесинин кызматкери болчу, ал Ыкчам штабдын ишине тартылган. Ал ооруну каяктан, кантип жуктуруп алганы белгисиз болууда.

«Азыр анын илдетти кандай жагдайда жуктуруп алганын тактоо үчүн иликтөө жүрүп жатат. Тиешелүү дарылануусун алууда. Байланышта болгон бардык жарандар аныкталып, алардан анализ алынды, алардан коронавирус чыккан жок», — деди Нурболот Үсөнбаев.

Бүгүнкү күндө коронавирус жуктургандардын саны 419 адамга жетти.