COVID-19:Тоӊ районунун милициясы түшүндүрүү иштерин күчөтүүдө

Автор -

Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунун милициясы коронавирус инфекциялык илдетинин жайылышынын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин күчөтүүдө. Бул туурасында облустук милициядан билдиришти.

Учурда, райондун аймагында коронавирус оорусун жугузуп алган учуру катталган жок. Өзгөчө кырдаал жарыялангандан баштап, райондун обсервациясына 16 адам жаткырылып, бүгүнкү күндө алардын анализдери таза болуп чыккандыктан, бардыгы үй карантинине жиберилген.

Инфекциялык илдеттин жайылышына жол бербөө максатында, аймакта 2 санитардык карантиндик жана 15 фильтрациялык посттор уюштурулган. Аталган посттордо өз маалы менен күнү-түнү 34 райондук милиция кызматкерлери, 6 жол коопсуздугунун инспекторлору жана 60тан ашык элдик кошуундардын мүчөлөрү, медицина кызматынын, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен бирдикте иш алып барышууда.

Райондук милициянын жетекчисинин орун басары Тилек Канатбековдун айтымында, постторго жана тергөө-ыкчам топторуна тартылган кызматкерлерден сырткары, бөлүмдүн өздүк курамы жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүдө. Атайын түзүлгөн графиктин негизинде, милиция кызматкерлери ар бир айыл-кыштактарда болушуп, карантиндик режимдин талаптарын сактоого жана медицина кызматынын берген кеӊештерин кыйшаюсуз аткарууга чакырууда.

Түшүндүрүү иштеринен сырткары, милиция райондун социалдык кызматкерлерине гуманитардык жардамдарга муктаж болгон адамдардын тизмесин түзүүгө, жер-жерлерде пенсия жана пособияларды таратууга  көмөк көрсөтүшүүдө. Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жана мугалимдер менен бирдикте ата-энелерге дистанциялык окутуу учурунда балдарына өзгөчө көӊүл буруу керектигин да эскертишүүдө.

 

Бөлүшүү