Европада коронавирустан өлгөндөрдүн саны азая баштады

Автор -

Кошмо Штаттарда жана Европа мамлекеттеринде коронавируска чалдыккандардын жана андан өлгөндөрдүн саны азая баштады. Буга байланыштуу Европа өлкөлөрү экономиканы кайра жандандыруу чараларын көрүп жатышат.

Ошол эле кезде саламаттык сактоо мекемелери коронавируска каршы кигизилген чектөөлөрдү тез эле жумшартып жиберүү вирустун жаңы толкунун пайда кылышы мүмкүн экенин эскертти.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө COVID-19 вирусу 1,9 млн. кишиге жугуп, 119 миңдин тегерегинде адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн АКШда акыркы үч аптада 17 млн. киши жумушсуз калды. 13-апрелге карата бул өлкөдө вирус 682 миң адамга жугуп, 23 миңден көп киши каза болду.

Бөлүшүү