Кыргызстан боюнча обсервацияда 974 адам жатат

Автор -

Кыргызстан боюнча обсервацияда 974 адам жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бүгүн өлкөдө коронавирус жуктурган жаңы 11 учур катталып, жалпы жугузгандардын саны 430 адамга жеткени кабарланды. Алардын арасынан 71 адам айыгып чыкса, 5 адам каза тапкан.

COVID-19 инфекциясын жуктурганы тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 100 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал):
Жакын байланыштар (I категория) – 1 417
Башка байланыштар (II категория) – 5 683

5-апрелден тарта изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны – 27 013
Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны – 26 147
Сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 1 019