Министрлик эки кызматкеринен коронавирус табылганын билдирди

Автор -

Саламаттык сактоо министрлиги эки кызматкери коронавирус жуктуруп алганын билдирди.

Алардын бири – ыкчам штабдын ишине тартылган ведомство алдындагы саламаттык сактоо уюмунун кызматкери. Экинчиси – күзөт кызматынын кызматкери.

Аларда COVID-19 вирусу тастыкталгандан кийин, алар менен байланышта болгон министрликтин бардык кызматкерлеринен анализдер алынды – жыйынтыктары коронавирус жок экенин көрсөттү.

Ооруну жуктуруп алгандар обсервацияга алынып, тийиштүү түрдө дарыланууда.