Орусия өкмөтү Кыргызстанга 200 топтом ПЧР тест-системасын берет

Автор -

Орусия өкмөтү Кыргызстанга 200 топтом көлөмүндө ПЧР тест-системасын берет. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул тест-системалар өлкөгө кайтарымсыз негизде берилип, коронавирус инфекциясын аныктоо үчүн 20 миң анализ жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. 

Көрсөтүлгөн ПЧР тест-система топтомдору Кыргызстанга 2020-жылдын 15-апрелинде жеткирилет.

КР Өкмөтү COVID-19 менен күрөшүүгө көрсөтүлгөн жардам жана колдоо үчүн Орусия өкмөтүнө терең ыраазычылык билдирет.

Бөлүшүү