Коронавируска чалдыккан 366 жаран ооруканаларда дарылануусун улантууда. Алардын ичинен 11 бейтап оор абалда, деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 15-апрелдеги брифингде.
Анын айтымына караганда, оор абалдагы 11 жарандын жетөө — жандандыруу бөлүмүндө. COVID-19 инфекциясына чалдыккан калган бейтаптарды абалы орточо оор же канааттандырарлык деп бааланууда.
Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө коронавирус жуктурган адамдардын саны 449 адамга жетти. Алардын ичинен 78 адам айыгып, үйүнө чыгарылды. 5 жаран каза тапты.
5-апрелден тарта изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны – 28 222
Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны – 27 033
Сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 981
COVID-19 лабораториялык жактан тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 455 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал):
Жакын байланыштар (I категория) – 1 528
Башка байланыштар (II категория) – 5 977
Кыргызстан боюнча обсервацияда 902 адам жатат.