Өкмөт: Соль-Илецктеги жарандарга 161 миң сомдук көмөк көрсөтүлдү

Автор -

Өкмөт чет жактагы кыргызстандыктардын маселесин чечүү боюнча ишти үзгүлтүксүз  жүргүзүүдө. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда Москва шаарында (Россия Федерациясыэки хостелде республиканын 94 жараны жашоодо.

«Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарындагы 100 жаранга азык-түлүк, медициналык маскалар жана башка зарыл товарлар түрүндө 161 миң сом суммасындагы көмөк көрсөтүлгөн. Новосибирскидеги 143 жаран 20-апрелге чейин хостелдерде болушат, бул жардам Эл аралык миграция уюму миссиясы тарабынан көрсөтүлүүдө. Соль-Илецк шаарындагы кыргыз жарандарын азык-түлүк жана медициналык маскалар менен камсыздоо маселеси чечилген. Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынан тышкары жүргөн жарандарыбыздын маселесин чечүү боюнча ишти үзгүлтүксүз түрдө жүргүзүүдө», — деп билдирди Кубатбек Боронов.

Бөлүшүү