2020-жылдын 15-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктурган 19 жаӊы учур катталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Жаңы катталган учурлардан:
Бишкекте – 5
Ошто – 12
Ош облусунда – 2
Жаӊы учурлардын ичинен 14 аял, 5 эркек.
2020-жылдын 15-апрелине карата Кыргызстанда коронавирусун жуктурган жалпы 449 учур катталды. Алардын ичинен:
Жалал-Абад облусунда – 93
Ош облусунда – 130
Ош ш. – 71
Чүй облусунда – 28
Бишкек ш. – 82
Баткен облусунда – 5
Нарын облусунда – 34
Ысык-Көл облусунда – 6.
Катталган учурлардын ичинен 244 аял, 205 эркек.