Ошто 4 дарыгер коронавируска чалдыккан кесиптештеринин үй-бүлөлөрүнө азык-түлүк таратышты

Автор -

Ошто 4 дарыгер биргелешип, илдет жугузуп алган 15 медицина кызматкеринин үй-бүлөлөрүнө азык-түлүк баштыктарын таратышты. Бул туурасында республикалык штабдан билдиришти.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын бул дарыгерлери 10 күн оорулууларды дарылап, мөөнөтү бүткөндө 14 күн обсервацияда болушат.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда 98 медкызматкер COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган:
Бишкек ш. – 33
Ош ш. – 28
Жалал-Абад облусу – 8
Ош облусу – 20
Баткен облусу – 2
Чүй облусу – 1
Нарын облусу – 6.

Алардын ичинен:
Дарыгерлер – 27
Орто медперсонал – 43
Кенже медперсонал – 23
Саламаттык сактоо уюмдарынын башка адистери – 5.