Ош облусунун Ош шаарында, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда коменданттык саат эки саатка кыскарды. Бул тууралуу Оштун комендатурасынан билдиришти, деп жазат Kaktus.media.
Тийиштүү буйрукка түштүк калаанын коменданты Малик Нурдинов кол койгон.
Коменданттык саат 16-апрелден тарта кыскарат. Ал 21:00дөн кийинки күндөгү саат 6:00га чейин болмокчу (мурда 20:00дөн 7:00гө чейин болчу).
Бишкек комендатурасы мындай өзгөрүүгө барабы, азырынча белгисиз.
Президент Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абалды 30-апрелге чейин узарткан буйрукка кол койгон.