Дагы бешөө. COVID-19 жуктурган медиктердин саны жүздөн ашты

Автор -
234

Өткөн суткада коронавирус жуктуруп алганы тастыкталган 17 адамдын бешөө медицина кызматкери. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын ичинен Бишкек шаарында – 4, Нарын облусунда – 1. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 104 учур катталды.

Коронавирус жуктурган адамдардын жалпы саны — 466га жетти.