Учурдагы кырдаалга байланыштуу жарандар 30-апрелге чейин Нарын шаарына кире алышпайт. Бул тууралуу Ат-Башы районунун жана Нарын шаарынын коменданты Уланбек Аалиев билдирди.
Анын айтымында, бул катталган жери Нарында, бирок өздөрү башка аймактарда жүргөн жарандарга да тиешелүү.
«Бул чектөөлөр элдин саламаттыгы үчүн болуп жаткандыгын түшүндүрүп жатабыз», — дейт Уланбек Аалиев.
Маалыматка караганда, ар бир айылдан атайын автоунаалар өткөрмө кагаздары менен бөлүнөт. Алар дары-дармек, тамак-аш азыктарын ташыйт.
Эскерте кетсек, 15-апрелден тартып Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна Өзгөчө абал жана коменданттык саат киргизилди. Эми 21:00дөн таңкы 6:00гө чейин жарандарга жана унааларга көчөдө жүрүүгө болбойт.