Өлкө боюнча 170 миӊ 16 муктаж болгон үй-бүлө гуманитардык жардам алды. Бул туурасында маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.
Анын айтымында, алардын ичинен «Жардам Штабы» аркылуу азык-түлүк жардамын Бишкекте 13 217 үй-бүлө алды, ошондой эле башка каналдар аркылуу 20 888 үй-бүлө жардам алды, Ошто – 7 235, Чүй облусунда – 29 153, Ош облусунда – 38 405, Баткен облусунда – 7654, Жалал-Абад облусунда – 25 397, Нарын облусунда – 5249, Талас облусунда – 6623, Ысык-Көл облусунда – 16 195.
Калган үй-бүлөлөргө жардам таратуу уланып жатат.
Штабдын маалыматына караганда, Кыргызстанда бүгүнкү күндө 359 миӊ 703 аз камсыз болгон үй-бүлө бар:
Бишкек – 49 047
Ош – 27 778
Чүй облусу – 52021
Ош облусу – 54 194
Баткен облусу – 26 641
Жалал-Абад облусу — 66 020
Нарын облусу – 23 966
Талас облусу – 15 068
Ысык-Көл облусу – 44 968