COVID-19: Донор-өлкөлөр көрсөткөн гуманитардык жардамдардын тизмеси

Автор -

Республикалык штаб коронавирус илдетине каршы туруу максатында донор-өлкөлөр тарабынан көрсөтүлгөн гуманитардык жардамдарды ачыктады.

Маалыматка ылайык, төмөнкү мамлекеттерден жардам келген:

Россия – 13700 тест-система жана аларга 110 таӊгак реагент бөлүнүп берилди.
Кытай – 7000 тест-система (реагенттер), 200 000 бир жолу колдонулуучу беткап, 10 000 респиратордук беткап (№95), 1000 коргоочу медициналык костюм, 1000 коргоочу медициналык халат, 500 термометр, 1000 коргоочу медициналык көз айнек, 1000 медициналык кол кап, 1000 медициналык бахила бөлүнүп берилди.
Швейцария – Чүй облусунун жана Бишкек ш. Биринчи май районунун ҮМБнын мобилдүү бөлүмдөрүн жабдыктады, 35 концентратордук кычкылтектин келиши күтүлүүдө.
Япония – 2000 экспресс-тест (Primers and Probes и Positive Control) бөлүнүп берилди.
Корея – 500 жуп медициналык кол кап, 10 литр колдор антисептиги, 5 литр буюм беттеринин спрей-антисептиги бөлүнүп берилди. Кореядагы КР жарандарына 800 бир жолу колдонулуучу беткап жана 500 мл антисептик берилди.
Түркия – 200 таӊгак тест-система, 5000 бир жолу колдонулуучу беткап, 200 коргоочу костюм, 100 коргоо фильтрлери бар беткап, 12 коргоочу көз айнек бөлүнүп берилди.
“Манас” университети өзүнүн жатаканасында 250 койка-орунду карантиндик борбор катары бөлүп берди.
Өзбекстан – 16 000 беткап, 7900 коргоочу комбинезон, 4800 тест-система жана аларга реагенттер, 1000 тонна ун, 20 000 кол кап, 2000 №95 респиратор, 500 коргоочу көз айнек, 200 пирометр бөлүнүп берилди.

Мындан сырткары, донор-өлкөлөрдөн 274 162 доллар келди. Россия Федерациясы жана Өзбекстан Республикасы көрсөткөн гуманитардык жардамдын суммалары такталууда.