Карызын төлөө мөөнөтү жылдырылган өлкөлөрдүн ичинде Кыргызстан жок

Автор -

Карызын төлөө мөөнөтү жылдырылган өлкөлөрдүн ичинде Кыргызстан жок. Бул тууралуу 17-апрелде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди, деп жазат  «Азаттык».

«Эл аралык валюта фондунун жана башка финансы институттарынын жакыр өлкөлөрдүн карыздарын төлөө мөөнөтүн алты айга жылдыруу чечиминин Кыргызстанга тиешеси жок. Анткени андай мүмкүнчүлүк ички дүң өнүмү киши башына 1100 долларга жетпеген өлкөлөргө берилген. Кыргызстанда ички дүң өнүмү ар бир адам башына 1300 доллардан айланат», — деди Эркин Асрандиев.

Эл аралык валюта фонду 25 жакыр өлкөгө карызын төлөө мөөнөтү жылдырылганын маалымдаган. Бул кадам аларга акчасын коронавирус илдети менен күрөшүүгө сарптоосуна мүмкүнчүлүк берүү максатында жасалган.

Ошондой эле 15-апрелде ири өлкөлөрдөн турган G20 тобу да коронавирус пандемиясына байланыштуу жакыр өлкөлөрдүн карызын төлөө мөөнөтүн жылдыруу сунушун эл аралык каржы уюмдарга сунуштаган.

Кыргызстандын Эл аралык валюта фондуна карызы 139 млн доллар. Жалпы тышкы карызы 3,7 млрд доллар болсо, анын 1,7 миллиард долларга жакыны Кытайга туура келет. Президент Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде Кытай бийлигине кайрылып, карызды төлөө мөөнөтүн жылдырып турууну өтүнгөнү маалымдалган. Азырынча Кытай тараптын жообу белгисиз.

Кыргызстан 2020-жылы 28 млрд сом тышкы карызын төлөөгө милдеттүү.